Кечээ, 26-августта Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланган. Ал Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон.
"Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча Канатбек Ахмедовго Самаевдин мандаты тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Канатбек Ахмедов 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болуп иштеген.