Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Келечек жаңы конушунда автокырсык болду. Жаракат алгандар жок. Окуя саат 06:30 чамасында болуп, борбордук көчөдө Ауди А6 унаасы менен жогорку ылдамдыкта келе жаткан айдоочу рулду башкара албай калып, бетон тосмону сүзүп кирип кетти. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, айдоочу мас абалында эмес. Эч кандай жаракат алган жок.