Президент Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысы чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат.