UFC: Антонина Шевченко кийинки беттешин октябрда өткөрөт

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы келерки таймашынын датасы белгилүү болду. Жеңил салмак боюнча UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы Антонина Шевченко кийинки беттешин 2-октябрь күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган "UFC Fight Night" турниринде өткөрөт.

Антонина Шевченконун бул турнирдеги атаандашы австралиялык Кейси О'Нилл аттуу мушкер болот.

Кейси О'Нилл быйыл 2021-жылы 2 беттеш өткөрүп, бирөөсүн техникалык нокаут, дагы бирин муунтуу ыкмасы менен жеңген.

16-майга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Антонина Шевченко АКШлык Андреа Ли менен беттешип, жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2021-08-27 19:13:36
Сулуу экен экөө тең
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан