SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал аймактык милициянын ишине нааразы экендигин айтты.
"Силерге дагы кайрылууга туура келди. Мен Кызыл-Кыя шаарынын Темир жол көчөсүндө жашайм. Үй куруу максатында Ш.Д. деген балага 9-август күнү 15 миң сом акча бергем. Ал кирпич куюп берем деп менден 15 миң сом аванс алып ушул күнгө чейин кирпич алып келген жок. Ар түрдүү шылтоолорду айтып, жанындагылары менен мени алдап кетти.
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө 2 күн кайрылсам арызымды алышкан жок. Аймактык милицияга кайрыл деп жөнөтүштү. Ал эми аймактык милиция телефонго жооп бербейт. Вотсап номерине жазсам окуйт, бирок жооп бербейт. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү жарандардын арызын угабы? Жарандардын укугун коргойбу?" - деп кайрылды жергиликтүү тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.