Биз социалдык тармакта

22-августка караган түнү чыгып кеткен. Караколдо изделип жаткан кыз Бишкек шаарынан табылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 18 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал Бишкек шаарынан аман-эсен табылганын Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 18 жаштагы Б.З. 22-августка караган түнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Мындан улам кыздын апасы Каракол РИИБине арыз менен кайрылган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкекте жүргөнү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан Караколго алып келинди. Алдын ала маалымат боюнча, кыздын үйдөн чыгып кетүүсү өз каалоосу менен болгон. Башка жагдайлар дагы такталат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан