Казакстандын коргоо министри ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин айтат

Казакстандын коргоо министри ок-дары кампасындагы жарылуулардан кийин кызматтан кетүүгө даяр. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктөрдүн кампасында чыккан өрттөн жана андан кийин ок-дарылар жарылгандан кийин отставкага кетүүгө даяр экендигин билдирген.

Министрликтин басма сөз кызматы "коргоо министри отставкага кетүүгө даяр экенин, бирок чечимди өлкө жетекчилиги кабыл аларын" бышыктаган. Бөлүмдө белгиленгендей, Эрмекбаев үчүн азыр жарылуулардын кесепеттерин жоюу маанилүү, андан кийин ал отставкага кетүүгө арыз жазууга даяр.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-августта кечки саат жетилер чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын натыйжасында кампада бир катар жарылуулар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-08-27 13:24:09
Өрт чыкса буга эмне? Жөн эле иштей бербейби. Кыргызстанга окшоп кошналар бастырып кирсе бир жөн!!!
-5
Asmat84
2021-08-27 16:01:43
Бизде 9адам 5 адам 7 адамдап бир күндө бир саата авариядан каза болуп атышат транспорт министри кете турган оюу жокко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан