Кабулдагы жардыруулардан кеминде 28 талиб өлтүрүлдү

Ооганстандын борбору Кабул шаарынын аэропортуна жакын жердеги жардыруудан набыт болгон 103 кишинин 28и талибдер. Бул тууралуу "Талибан" кыймылынын өкүлүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз америкалыктарга караганда көбүрөөк адамдарды жоготтук" деген өкүлү. Ал ошондой эле Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн узартууга эч кандай негиз жок деп билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-август күнү Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы эл аралык аэропорттун жанында жарылуу орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан