Кочкордо жеңил унаалар сүзүшүп, 7 адам жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркады. Автокырсык бүгүн, 27-августта Лахол айылында болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Субару Форестер менен Нива үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү.
"Кырсыктын кесепетинен 7 адам (аты-жөндөрү такталууда) ар кандай жаракаттарды алышты. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-08-27 15:55:43
Лахол айылы. Эмне деген маанини түшүндүрөт ЛАХОЛуңар?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан