Бүгүн, 27-августта Владислав Шулико 181 чакырымды, тактап айтканда, Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейин 5 жарым күндө сүзүп өттү. Саат 15:26да күйөрмандар аны Балыкчы шаарындагы көл жээгинен тосуп алышты.
"Бул менин бала кезимден берки кыялым болчу. Кыялдар орундалат", - деп билдирди толкунданган Шулико.
Ал эми Владиславды тосуп алган жалпы күйөрмандары "Азамат" деп ураан салып жатышты.