Кыргыз Республикасынын Маданият,
маалымат жана туризм министри Султан Раев 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. "Ураматтуу маданият кызматкерлери, кесиптештер!
Кыргыздын көөнөргүс өнөрүн, каада-салт, нарк-насил, улуу муундан келаткан
баалуулуктар, баары улуу маданияттын уюткусу экенин эч ким танбайт. “Улутту
сактайм десең, анын маданиятын сакта” деген нарктуу сөз бар элибизде.
Адамдын ички дүйнөсү, анын турмушка жана адам коомунун өнүгүшүнө, тарыхка көз
карашы, анын табигат берген талантынын күчүнө жараша көркөм кабылдай алуу
кудурети, албетте, өз улутунун маданиятын таануудан башталат.
Урматтуу кесиптештер! Сиздердин жасаган эмгек нар көтөргүс чоң эмгек. Улуу
маданиятыбызды сактап келаткан даанышмандарыбызга, маданиятыбыздын түпкүлүгүн
өчүрбөй келген улуу муундарга, замандаштарыбызга, ыраазычылыгыбызды айтуубуз
керек. Маданият жөнүндө айта келсек сөз жетпейт, жаза келсек барак түтпөйт.
Канчалаган улуу инсандарыбыз, таланттарыбыз, өнөрпоздорубуз чыккан биздин
элден. Уюткулуу элдин уучу кур эмес. Дагы да көрөңгөбүз толуп тура берерине
шегим жок.
Биздин маданият түпкүлүктүү, көп кылымды карыткан маданият. Ушул
маданиятыбыздын нарктуулугун дагы да болсо арттырып, келечек муундарга жеткирүү - биздин милдет! Ошондуктан сиздерге бакубат өмүр, эрктүүлүк, чыгармачылык
бийиктик жана дайыма маданият тармагында сыймыктана турган ийгиликтерди
жаратарыңыздарга терең ишенем. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу
кесиптештер!"- дейт куттуктоо сөзүндө.
Автор: Айпери Ганыжан кызы