Садыр Жапаровдун спорт залда топ менен ойноп жаткан сүрөтүн көрдүңүз беле?
Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Анда ал оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду.