Бүгүн, 27-август күнү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы эски аянтта "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу этностор аралык "Достук" фестивалы болуп өттү.
Фестивалга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, маданият министрлигинин этностор аралык башкармалыгынын башчысы Искендер Эшимбеков жана маданият өкүлдөрү катышты.
Иш-чара алгач "Манас" айтуу менен башталып, ыр-күүлөр менен коштолду. Ага улай эле ар улуттун өкүлдөрү өз таланттарын тартуулашты.
“Кемеге түшкөндүн тагдыры бир дейт. Кыргыз өлкөсү көп улуттун мекени болуп калды. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы - эң чоң маараке. Анын маанисин ар бир кыргыз билип, туюшу керек. Мындай иш-чаралардын көптүгү улуттар аралык ынтымакты бекемдейт”, - дейт Кайрат Иманалиев.
Кыргыз мамлекетиндеги ар улуттун өкүлдөрү фестивалга өздөрүнүн маданиятын чагылдырган улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Мындан тышкары чакан жарманке уюштурулду.
Чүй облусунун бардык райондорунан келгендер боз үй тигишип, фестивалды көркүнө чыгарышты.
“Кыргыз жергесинде көп таланттар бар экенин бүгүн көрүп отурам. Өлкөбүз бекеринен жалпыбыздын үйүбүз деп айтылбаса керек. Бул сөзгө дагы бир жолу ынандым”, - дейт ырчы Үмүтай Абдышова.
Ошондой эле фестивалга атайын алыскы Баткен жергесинен келген “Кыргызстан айымдар” коомдук бирикмесинин жетекчисимин деп тааныштырган Гүлнара Койчубекова катышты. “Биз бул фестивалга 15 күндөй даярдандык. Нукура, өзүбүздүн колубуздан жасалган шырдактарыбызды алып келдик. Мындай иш-чаралар дагы өнүгүп, уланышын каалайбыз”, - деди ал.
Ал эми этностор аралык башкармалыктын башчысы Искендер Эшимбеков:
"Буга чейин мындай фестивалдар болуп турчу. Бирок бүгүнкүдөй чоң масштабда эмес. Иш-чара ар этностун өкүлдөрү бири-бири менен аралашып, интеграция болгонго чоң өбөлгө түзөт. Мындан кийин ушундай иш-чараларды токтотпостон, жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында "Жаштар форумун" өткөрөбүз", - деп билдирди.
Эске салсак, бул фестиваль улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлүп келет.