Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Кызыл-Кыя шаарынын тургуну аймактык милициянын ишине нааразы болгону боюнча тийиштүү мекемеден жооп беришти

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну аймактык милициянын ишине нааразы экендигин айтып кайрылган. Анда ал кыш куюп берем деген адам андан 15 миң сом аванс алып, ушул күнгө чейин кыш алып келбегенин, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылса арызын албай, ал эми аймактык милиция телефонго жооп бербей жаткандыгын айткан.

Аталган маселе боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Кызыл-Кыя шаарынын 31 жаштагы тургуну бүгүн, 27-август күнү Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" фактысы менен катталды. Арыздануучу аймактык тескөөчүгө СМС-билдирүү жазган экен. Ал күнү аймактык тескөөчү нөөмөттөн чыгып, СМСин кеч окуптур. Ал эми арыздануучу бөлүмгө келип кайрылган эмес", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bikosh2015
2021-08-27 21:19:20
Любой ГОВД или РОВДга арыз менен барсан ,,бул арыз менен сотко барыныз деп,, алдап жонотушот. Азыркы учурда любой арызды милиция кабыл алып, ошого жараша чечим кабыл алышы керек, мыйзам боюнча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан