Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында “Укук жана тартип” рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд 26-августта өткөрүлгөн.
Шаар аймагында укук бузуучулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн рейд учурунда 100 кожолук текшерилип, Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол түзүлдү.
Түнкү убакыттарда чоңдордун көзөмөлүсүз жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Ошондой эле милицияда профилактикалык каттоодо турган жарандар текшерилип, мыйзамдуулукту сактоосу боюнча эскертүүлөр берилди.