Биз социалдык тармакта

Бишкекте атасы менен "Ала-Тоо" аянтына келип адашып кеткен бала ата-энесине өткөрүп берилди

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы үйүнө жеткиришти.

Билдирүүгө ылайык, 25-август күнү болжол менен саат 18:50 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына "Ала-Тоо" аянтында бала адашып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 9 жаштагы Б.А. аттуу бала атасы менен "Ала-Тоо" аянтына келип адашып кеткендигин кабарлаган. Баланын жашаган дареги аныкталып, "Дордой" базарына жакын Дордой-2 көчөсүндө жайгашкан үйүн таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен. Өз кезегинде баланын ата-энеси баласын издеп жаткандыгын айтып, кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан