"Реал Мадрид" клубу Килиан Мбаппени тосуп алууга даярдана баштаганы айтылды

Испаниянын белгилүү "Реал Мадрид" футболдук клубу "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппени тосуп алууга даярдыгын баштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Буга чейин Мбаппе "ПСЖ" клубу менен коштошуп, командалаштарына "Реал Мадрид" клубуна өтөрүн айткандыгы кабарланган.

Килиан Мбаппенин "ПСЖ" клубу менен болгон келишими 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Ал "ПСЖ" клубунда 2017-жылдан бери ойноп келет. Өткөн сезондогу Франция чемпиондугунда ал 31 оюнга катышып, 27 гол киргизип, жети жолу голдук пас чыгарып берген. Ошондой эле Чемпиондор Лигасында 10 оюнга катышып, 8 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан