Ош облусунун Ноокат районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 20-август күнү Ноокат районунун Атамерек айылында Ноокат районунун 1982-жылы туулган тургунун белгисиз айдоочу ак түстөгү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Натыйжада жөө жүрүүчү алган жараатынан улам Ноокат аймактык ооруканасына кайрылган.
"Окуя болгон жерге Ноокат району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, тиешелүү маалыматтарды топтошкон.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районунун 1978-жылы туулган тургуну М.А. ак түстөгү Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткени аныкталып, үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.