Лейлек районунун жашоочусу 25 миллион сомдук баңгизат менен кармалды

Чүй облусунун Шопоков шаарында 30-октябрда укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Лейлек районунун жашоочусу өз унаасында кармалган. Текшерүү учурунда 20 даана түссүз желим баштыкка оролгон баңгизат табылган.  Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди. Таразага тартуу учурунда маңзаттын салмагы 10 килограммды түзгөн. Бул баңгизаттын баасы Кыргызстандын «көмүскө» базарында 25 миллион сомго жакын. Ири өлчөмдөгү баңгизатты ташууга шектүү адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, бул кылмыштын башка катышуучуларын да табуу боюнча иш-чаралар улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurkojo
2013-11-02 15:32:50
Ой бой чатак болуптур
0
koroleva1981
2013-11-02 17:34:04
Коркпой 10 кг алып жургонун кара,тообо!
0
Aikokul85
2013-11-02 22:01:09
жарайсынар ушинтип иштесенер.
0
Altyn10076
2013-11-03 13:16:55
Уят акча алып койберип ийгиле ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан