Ырчы Бекжан Темирхан: "Унаамды "жаным" деп эркелетип, ал таарына турган сөздөрдү айтпайм"

"Эзилип бүттүм" ыры менен көпчүлүк элге таанылган ырчы Бекжан Темирхан бул ирет бизден "Рулдагы жылдыз" рубрикабыздын коногу болду. "Унаамды жакын тааныш агаларым алып берди" деген ырчы унаасы жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

"Бул унаа менин алгачкы темир тулпарым. Тааныш агаларым алып берди, өзүм дагы бир аз кошумча кылдым. Биринчи унаам болгон үчүн аябай карап, акчаны аябайм. Алыс жолго дагы айдап жүрөм, мени такыр жолдо калтыра элек. Биринчи жолу унааны айылда жүргөндө айдап, үйрөнгөм. Айдоочулук күбөлүккө айылда жүргөндө эле окуп, бирок акча жоктугунан күбөлүк ала албай калгам. Кийин шаардан кайрадан окуп, алдым. Жолдо жүргөндө көбүнчө жай ырларды угам, акыркы күндөрү өзүмдүн орусча ырдагым келип, ырдап калам эч ким жокто (күлүп). Болбосо орус тилин такыр билбейм", - дейт Темирхан.

Ырчы Бекжан Темирхандын айдоочулук боюнча билимин текшеребиз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан