"30 жылдык тарыхта алгачкы жолу". Тажикстанда генерал-майор чинин биринчи жолу аял киши алды

Тажикстан өлкөсүнүн өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу кызматынын жетекчиси Барно Саидвализада Тажикстан Республикасынын тарыхындагы генерал чинин алган алгачкы айым болду. Бул тууралуу тажикстандык маалымат булактары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, өлкө президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Барно Саидвализадага милициянын генерал-майору деген чин тапшырган.

Мындан сырткары Эмомали Рахмон күч структурасында кызмат кылган 100дөн ашуун кызматкерге да сыйлыктарды тапшырган. Анда президент мекен сакчыларын эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоонун маанилүүлүгүн белгилегендиги айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-08-27 20:39:28
Токолу окшойтта!
+6
ayzhan12
2021-08-27 21:13:21
Жакшы иш экен. Исламчыл талибандардын жолун жолдобой, коомдо аялдарды басмырлабай, бети башын тумчулап, чүмкөбөй, экинчи сорттогу жандыктарга теңебей, тен салмактуулукту сакташ керек. Азыркы биздин бийлик гендердердик тен салмактуулукту сактабай, бийликти жалан эркектер болушуп алды. Буга терен конул бурулуш керек. Аялдарды "служанка" катары жумушка албай, жогорку кызматтарга да аялдар бирдей дайындалыш керек.
-7
Agayu
2021-08-27 21:24:27
Адам эки жолу жаралат жана эки жолу олот.
Кандайча эки жолу жаралат ? Адам качан жашоодо бир эле жолу жашайм деп сезгенде , экинчи жашоосу башталат.
Кандайча эки жолу олот? Биринчи олгондо дем ала албайсын .Экинчи олум сенин атын , элесин эстен чыгат .Буну мен эмнеге айттамын .Кыска жашоодо ар балее менен чектебей : жашоону жакшы жашайлы. Психологиябызды ар балее менен байлай бербейли. Кенен жашашты : уйронойлу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан