Чүйдө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Чүй облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 85-чакырымында КамАЗ оор жүк ташуучу унаа менен Daewoo Nubira үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен Daewoo Nubira унаасынын айдоочусу 1989-жылы туулган Д.Р. аттуу эркек киши каза болгон.

Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан төрт куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-08-27 19:32:00
Ошондо Камаз жол эрежесин бузганбы?
-1
Erlan_95
2021-08-27 20:38:43
Ар бир аварияны чыгара бересинерби эмне??
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан