Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек районундагы курулуп жаткан милициянын имараттары менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-августта министр Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барып, апрель окуяларында талкаланган милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жана милициянын аймактык пунктунун курулуш иштери менен таанышты.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын апрель айынын аягында чек арага чектеш аймактарда куралдуу кагылышуу болуп, анда бир катар имараттар талкаланып, жараксыз абалга келген.
Учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жана Арка-2 айылындагы милициянын аймактык пунктунун курулуш иштери менен таанышты.