Түштүк Кореяда Ооганстандан келген качкындарды белектер менен тосуп алышып, өлкөдө иштөөгө уруксат беришти. Алардын качкындарга жасаган мындай жылуу мамилеси социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулар ыраазы болгон пикирлерди калтырышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө жашаган Рафаэль Рашид аттуу журналист качкындарды тосуп алуу учурундагы сүрөттөрдү Твиттер баракчасы аркылуу бөлүшкөн.
Журналисттин айтымында, кореялыктар Ооган качкындарын оюнчук мамалактар жана башка түрдүү белектер менен кубанычтуу тосуп алышкан. Ошондой эле "Кореяга кош келиңиздер. Биз силерди жакшы көрөбүз" деп англис жана корей тилдеринде жазылган баннерлерди да даярдашкан.
Андан тышкары өлкөнүн юстиция министри качкындарга узак мөөнөттүү виза берүү чечимин кабыл алганын жана өлкөдө иштөөгө уруксат бергенин да кошумчалаган Рафаэль Рашид.
Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары "дүйнөдө баш аламандыктар болуп турган убакта мындай жаңылыкты угуу кандай сонун" дешип, кореялыктардын мамилесин мактоого алышууда.
"Азамат Корея! Мына сага, жакырчылыкка дуушар болгон элди куткарып алуунун жолу".
"Бул кореялыктар үчүн абдан жагымдуу жана татыктуу нерсе".