Белгилүү режиссёр
Ырысбек Жабиров 25-августта
апасынан айрылды. Асманы кулап турган режиссёр апасы 79 жаш курагында дүйнө салып кете бергенин айтып эскерди.
"25-август. Менин балалыгым токтоду. Күндө телефон чалып мени сурап турган, күндө менин амандыгымды Кудайдан сурап, дуба кылып турган тирегим түбөлүк жакка кетти.
25-август. Мен үчүн нечендеген түн уйкусун кечип, чарчаса бешикке башын жөлөп уктаган, тамак жеген колдору менен жийиркенбестен авратымды тазалап өстүргөн жападан жалгыз асылым, менин жылдызым жерге түштү.
25-август. Бейишимдин туулган күнү эле. Буюрса, 79 жашын 8 кызы, 2 уулу, 47 небереси 18 чөбөрөсү чогулуп белгилейбиз деген аруу тилегибизди таш капты. Жөлөгүм өз туулган күнүндө бизди таштап атабыздын артынан кетти. Бул күн мен эс тарткандан бери эң кубанычтуу күн эле мага. Бүгүн бул күн мен үчүн азаптуу, армандуу күнгө заматта айланды.
25-август. Ушул асманым кулап турган күнү социалдык тармактардан мага көңүл айтып, кайгымды тең бөлүшкөн жакшыларга терең ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздерге өзүнчө жооп жаза албай калганым үчүн кечирим сурайм.
25-август. Бүгүндөн баштап Жараткандан жалбарып суранарым... Апамдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Билип, билбей кылган күнөөлөрү болсо, Аллахым өзү кечирип, кабырын кенен, сурагын жеңил кылсын", - деген билдирүүсүн калтырды режиссёр.