"Төрөттөн кийин катуу ооруп, эсимди жоготконго чейин бардым. Ошондогу сөздөрүм дарыгерлерди таңдантты" дейт Гүлжайна Атаканова

Куудул, ырчы, алып баруучу Гүлжайна Атаканова бул ирет биздин маек төрүбүздүн коногу болду. Ал жашоосу, чыгармачылыгы, устаты Рахман Разыков тууралуу айтып берди.

Төрөттөн кийин чоң өзгөрүүлөргө туш болгонун айткан куудул айым ооруп калганын, учурда абалы жакшы экенин белгиледи.

"Төрөттөн кийин аябай арыктадым. Көпчүлүгү "кызың ыйлаакпы", "бала баккан оор болуп жатабы" жана башка деп сурап жатышат. Бирок көз жаргандан кийин сыркоолоп калдым. Азыр баары артта калды, Кудайга шүгүр, өзүм да, кызым да жакшы. Ар бир баланын түйшүгү болот, эл катары эле багып жатам кызымды", - деди ал.

Ал эми сыркоолоп калганы боюнча ал буларга токтолду. "Төрөгөндөн 15 күндөн кийин ооруп, бейтапканага түштүм. Өзүмдү жоготуп, кыйналып жаткам. Ошондо дарыгерлер тополоңго түшүп жатыптыр. Өзүмдү жоготуп баратып сүйлөгөн имишмин, аны дарыгерлер айтышты. "Антип дүрбөлөңгө түшпөңүздөр, дуба кылыңыздар, мен жакшы болуп кетем, мен күчтүү кызмын" дептирмин. Бейтаптар адатта "мени карагыла деп кыйкырышат, а сен дуба кылгыла дедиң" дешти доктурлар".

Учурда кызын жанына алып тойлорго барып, жеке иштери менен алектенип жүргөнүн кошумчалаган куудулдун маегин толугу менен видеорепортаждан көрүңүз.

Гүлжайна Атаканова: "Төрөттөн кийин ооруп, аябай арыктап кеттим"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2021-08-28 12:38:19
Ущу талпак торогучо созу бутподу эле. Эми торогондон кийинкиси озунчо бир жомок
-3
Sajakat14
2021-08-29 13:37:46
Nina.alex,кыргыздар бири бирин көрө албаганы үчүн,бирине бири сөз менен болсо дагы жакшылык каалабаганы үчүн кошуналарыбыз тоготпойт, жерибизди басып алышат!Ынтымак өз ара жок үчүн жарыбай жүрөбүз!Бул киши сизге эмне кылды эле?Жакпаса интервьюсу жаккандардыкын окугула.Кыргыз кыргызды сыйламайынча итке минип жүрө беребиз!Кыргыз кыргызга күймөйүнчө кошуналар теңине албайт! Элден элге керектүү президент чыкпайт!Баары кыргыз элинин өз пейилине жараша.Пейилиңе жараша болот балам-бабаларыбыздын сөзү.
0
mira28
2021-08-30 15:02:59
Sajakat14,Кошуналар дал ушундай болбогур кабарларды жазып элди алаксытып олтурганы учун тоготпойт.Маалыматтан артта калып жатабыз.Пейилим кенен деп эле ар бир ырчынын торогонун,ич кылганын,басканын турганын кудайлан суранып олтуруш керекпи.Каарыганда тороп алып жар сала бербей тынч олтура берсин да,элге жар салбай.Соз тийет, коз тийет негизи.Темасын окуп эле комментарийге оттум.Кимге кызыгы болсо инстанраммга подписка болуп жалгай бергиле,и так эле баласынын ич кылганына чейин рекламалайттыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан