Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын уюлдук телефондорун уурдаганга шектүү балдар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 15-июлдан 10-августка чейинки мезгилде Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында эс алуучулардын уюлдук телефондорун уурдоо фактыларынын бир катар учуру катталган.
"Аталган фактылар боюнча түшкөн арыздар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери териштирүүнүн жүрүшүндө аталган кылмыштар атайын иштелип чыккан жол менен жасалган жана ага бир топ адамдардын катыштыгы бар деген тыянакка келишкен. Белгилүу болгондой, балдар эс алуучуларды көпкө чейин аӊдып, буюмдарынын сактыгына көӊүл бурбай калганда, уюлдук телефондорун уурдап кетишчү.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү делинип бир туугандар 20 жаштагы К.А., 16 жаштагы К.У. (Нарын облусунун тургундары), Ысык-Көл облусунун тургуну 15 жаштагы М.Д. жана 16 жаштагы Жалал-Абад облусунун С.С. аттуу тургундары кармалды. Шектүүлөр телефон уурдоонун 14 учуру боюнча күнөөлөрүн моюндарына алышты. Алардын кылмыштуу аракетинен улам жабырлануучуларга болжол менен 250 миӊ сомго жакын чыгым келтирилген", - дешти мекемеден.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында уурдалып жана соода түйүндөрүнө сатылып кеткен бардык уюлдук телефондор далил зат катары алынып, жүргүзүлгөн тийиштүү тергөө-процесстик иштеринен кийин өз ээлерине кайтарылып берилгенин кошумчалашты башкармалыктан.