Бишкек-Ош унаа жолунун 280-чакырымында, тагыраагы, Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында VOLVO оор жүк ташуучу унаа менен Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 2 адам мүрт кетти.
"Каза болгондордун экөө тең эркек кишилер, алардын бирөө 1980-жылы туулган А.М., экинчиси 1996-жылы туулган Э. уулу Д. Мындан тышкары 6 эркек адам ар кандай жаракаттарды алышты, учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткиришти. Ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти маалымат кызматынан.