УКМК: Өлкөгө унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө шектүү катары Казак жана Кыргыз жарандары кармалды"

Кыргыз өлкөсүнүн аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен Казак жарандары кармалышты. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө республиканын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, 27-августта "Чоң-Капка-Унаажолу" өткөрүү пунктунан Кыргыз мамлекетинин номуру тагылган Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүү аракети болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде катталды.

"Кармалгандар - Н.С. аттуу Кыргыз жараны жана Казакстандын С.Т. жана М.Х. аттуу жарандары камакка алынышты. Учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasa-kgz
2021-08-28 16:39:59
Оң рулдуу унааларга тыюу салынганбы киргизүүгө
0
Isken90
2021-08-28 18:07:09
Булар кылмышкер эмеско камагыдай он рульду машиналар бизге арзан болуп жатпайбы айла жок алабызда болбосо биздин мамлекета кредитке узак моонотко жаны машина берсин мыйзамсыз деп бизнесмендерди бутка чабып жатасынар урдум ушу Текебаев аялы эко жазган баш мыйзамды ондоп жазгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан