
Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары үчүн акысыз троллейбус каттамы жүргүзүлөт. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, каттам экскурсиялык түрдө болот.
"Троллейбус саат 13:00дө эт комбинатынан чыгып Асанбай кичи районуна чейин барат. Анда экскурсовод жүргүнчүлөргө шаардын көрүнүктүү жерлери тууралуу айтып берет. Каттам саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бардык каалоочуларды атайын каттамдын жүргүнчүсү болууга чакырабыз", - дешет мэриядан.