Кадамжайда 80 жылдан кийин ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты курулду. Президент мекемеге барды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы курулган ички иштер бөлүмүнүн заманбап жаңы имараты менен президент Садыр Жапаров таанышып чыкты. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиргендей, өлкө башчы аталган мекемеге бүгүн, 28-августта барды.
Кадамжай РИИБинин эски имаратынын курулганына 80 жылдан ашкан. 2011-жылдын июнундагы жер титирөөдөн имарат катуу зыянга учураган. Жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул имаратты колдонууга жараксыз деп тапкан. Бирок милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып анда иштөөнү улантышкан. Учурда аянты 2 миң чарчы метрге жакын эки кабаттуу заманбап имараттын курулушу толугу менен бүткөрүлдү.
"Бул маселелер эми чечилди. Негизинен коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана сапаттуу иштерди жасоо иш шарттарын түзүүдөн башталат. Биз мындан ары да ички иштер органдарынын материалдык-техникалык инфраструктурасын жакшыртууну улантабыз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Милициянын негизги милдети - мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо экенин баса белгилеген мамлекет башчысы биринчи кезекте укук коргоочулардын ишине баа берген жарандардын укуктары жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине жана жетекчилерине жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштөөнү улантууну тапшырды.
Садыр Жапаров жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.
Ошондой эле тергөөдө камакка алынгандар үчүн заманбап убактылуу кармоочу жай курулган, короосу асфальтталган жана жашылдандырылган.
Белгилей кетсек, Кадамжай району Өзбекстандын төрт облусу менен чектешет жана 200 миңге жакын калкы менен Баткен облусунун эң ири району болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан