Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багында калаа тургунунун уюлдук телефонун уурдаганга шектүү келиндер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, бүгүн, 28-августта Биринчи Май райондук соту уурулукка шектелип кармалган келиндерди үй камагына чыгарды.
Буга чейин Панфилов сейил багында калаа тургунунун уюлдук телефонун уурдаганга шектүү келиндер 1989-жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалган. Ошондой эле шектүүлөр буга чейин ушундай эле кылмыштарды жасап бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болгон.