УКМК Василий Дашковдун коргоо тартибинин бузулушуна жол берген жооптуу адамдарды кызматтарынан бошотту

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковдун коргоо тартибинин бузулушу боюнча жооптуу адамдар кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.

"Тергөө камагында жаткан В.А.Дашков "Бикард" медициналык борборунда дарылануудан өтүүдө. УКМК мамлекеттик ишкананын мурдагы директорунун коргоо тартибинин бузулушу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын 26-августунда бузууларга жол бергендиги үчүн УКМКнын тергөө абагынын башчысы М.М., анын орун басары Т.У. жана тергөөдө жаткан адамдарды кармоо, аларды коргоо жана коштоо тартибин сактоого жооптуулар кызмат ордуларынан бошотулду. Мындан тышкары тергөө камагына алынган Василий Дашков комитеттин тергөө камак жайына кайра киргизилди", - дешти басма сөз кызматынан.

Мындан 2 күн мурда социалдык тармактарда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковдун жеке клиникалардын биринде сейилдеп жүргөн видеосу тараган.

Эске салсак, Дашков ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан менчик клиникага которулган.

9-июнда УКМК Дашковдун кармалганын маалымдаган. "Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталган", - деп айтылган маалыматта. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланган.

Василий Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aslan_akjol89
2021-08-28 21:38:58
Созсуз элге корунгондон кийин реакция жасаган бийликти кимин шайладын эле?Элге корунбогон шалакылыктар толтура го.
-3
Dembele84
2021-08-28 21:44:32
Видеого тарткан адам азаматсын!Шалаакы жетекчилерди тазалоого жардам бердин.А биздин кок мээлер оз ишин так аткарбаганы учун бардак болуп жатат олкодо!
+7
suban78
2021-08-28 23:23:32
Коррупционерлер кай жерде болсо да хандай жашайт экен да кысталактар
+4
Baiaman997
2021-08-28 23:44:16
Дашков, Укмк нын, коргоочу кызматкерин сатып алган экенледа
+3
Pankration_MMA
2021-08-29 01:11:12
Кыргыз келин менен жыргап отуратко. Тигида уялбай буга жабышып алыптыр!!!
+5
Dembele84
2021-08-29 08:40:27
Pankration_MMA,Намыс жок экен да ал кызда,кыска тошу ачык койнок кийип,атасындай болгон киши менен отурат уялбай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан