Бүгүн, 28-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Президенттин кубогу боюнча мелдешинин тайпалык оюндары жыйынтыкталып, финалда ат салыша турган командалар аныкталды. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашат.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү орун ала турган финалдык оюндарда 1-лигадан Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Бишкек шаарынын "Көк-Жал" командалары беттешет.
Ошондой эле эл аралык лиганын чечүүчү оюну "Жети-Өгүз" командасы менен Өзбекстан курамасынын ортосунда орун алат.
Ал эми Жогорку лигада президенттин кубогу үчүн Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасы менен Таластын "Ынтымак" командалары ат салышат.
Эске салсак, оюндар 23-августта башталган.