Көк бөрү. Биринчи лиганын оюндарынын жыйынтыктары

Бүгүн, 28-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин кубогунун алкагындагы оюндардын жарым финалдык оюндары жыйынтыкталды. Жогорку лиганын “Сары-Өзөн” командасы “Достукту” 4:1 эсебинде утуп финалга чыкты. “Достуктун” оюнчусу Кыяз Ниязов 1, “Сары-Өзөн” командасынан Улан Насакеев 2, Сейитбек Анарбек уулу 1, Кубаныч Султан уулу 1 жолу улакты тайказанга салды.

Биринчи лиганын оюндарынын жыйынтыктары:

“Мурас” - “Соң-Көл” - 8:2;

“Көк-Жал” - “Ат-Башы” – 7:3;

“Жети-Өгүз” - “Бакубат-Талас” 6:1.

30-августта “Достук” менен “Ала-Тоо” командасы 3-орун үчүн ат салышса, 31-августта финалда "Сары-Өзөн" "Ынтымак" командасы менен кез келет. Жогоруда жазылган 2 күндөгү оюндарды SUPER.KG порталы түз алып берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан