Манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтат. Иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин уланат.
Маалым болгондой, Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык, Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтат. Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жана диаспоранын колдоосу менен өтөт.
Эске салсак, буга чейин 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.
Ошол күнү манасчыны Бишкек шаарынын тургундары күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан жашы-кары дебей колдоп, сүрөөнгө алып турушкан.
Иш-чарада Ырыс Окенова жолдошу бул иш-чарага атайылап деле даярданбаганын, анын жолдошунун жашоодогу башкы максаты "манасчылык миссия" экендигин билдирген.
Арадан туура 14 саат 27 мүнөт өткөндө Дөөлөт Сыдыковдун Манас айтуусун токтотушкан. Манас айтылып бүткөндөн кийин анын абалы туруктуу экендигине жеринде жүргөн "Тез жардам" кызматкерлери баа берген.
Иш-чаранын эртеси манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына маек берип, "мени токтотушпаса, манасты таң атканча деле айта бермекмин" деп билдирген.