Франция менен Британия Бириккен Улуттар Уюмун гуманитардык операцияларды коргоону камсыздоо үчүн Кабулда "коопсуздук аймактарын" түзүүгө чакырышат. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макронго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Биздин резолюциянын долбоору гуманитардык операцияларды улантууга мүмкүндүк бере турган Кабулдагы БУУ көзөмөлдөгөн коопсуз аймактын (чек аралар - ред.) аныкталышын билдирет.
Бул БУУга чукул чараларды көрүү үчүн негиз берет жана баарынан мурда баарына өз милдеттенмелерин аткарууга, ал эми эл аралык коомчулукка - Талибанга (Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) кысым көрсөтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деген Макрон.
Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.