Биз социалдык тармакта

Инспектордун огунан каза тапкан жаран акыркы сапарга узатылды

Бишкектеги мечиттердин биринин жанында кенже инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраевдин сөөгү бүгүн, 29-августта жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатууга жакындары, достору келишти. Ошондой эле ИИМдин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү дагы келип куран багыштады.

Маалымат үчүн:

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.

Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.

Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.

Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашты. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Pankration_MMA
2021-08-29 11:44:20
Сүрөттө көрүнүп турат кандай адам экенида. Ошого эрежени бузсада кепсейгенда.
-20
Alixan-Nookat.2015
2021-08-29 12:00:00
Pankration_MMA,Тормоз
+10
nura74
2021-08-29 13:40:44
Alixan-Nookat.2015,Реально
+3
futboler
2021-08-29 12:17:23
Pankration_MMA, накта оорулусуң го, эрежени бузса ошого жараша айып салса болбойт беле (эрежени бузган же бузбаганы жөнүндө сен экөөбүздө факты жок), же сөзсүз эле атып салсын деген статья бар бекен? Көрбөй-билбей туруп ар нерсе дей берген туура эмес.
+10
nurbek11
2021-08-29 12:53:08
Pankration_MMA, Сенин малдан деле айырман жок накта мал турбайсынбы.
+7
muku.85
2021-08-29 15:16:03
Pankration_MMA,адамдын сырткы келбетине карап эч качан муноздомо берилбейт журогуно караш керек куралды кылмышкерди ат деп берген эреже бузганды ат деп берген эмес
+7
Datka7777
2021-08-29 18:31:52
Pankration_MMA, эки бутту айбансын го
+3
Jaka1978
2021-08-29 12:36:35
Жаны жаннатта болсун
+11
nazira...
2021-08-29 15:18:56
Бейиши болсун, жакындарына сабыр.
+6
Pankration_MMA
2021-08-29 19:26:39
Канча керсейсең керсей, канча деловой болсоң бол, канча талтаңдасаң талтаңда, жазаң бир эле ОК дегени чында. Намаз окуган адам сабырдуу, тартиптүү болуусу керек!!!
-2
Zumrudianka
2021-08-29 21:31:05
Pankration_MMA, сенин да тагдырын 1 ок болгондо тушуносун. Бул кетиште бир куну акылын жетпей тантырап суйлоп тилден жаныласын
+3
Omyke
2021-08-29 23:19:48
Жайы жаннатан болсун!Негизи органга жаны кирген чипизириктер ото эле ашынып кетишет анырадап Форманы котороалышбай МВДга кадр тандоо жагынан жакшылап иштебесе мындай манкурттар токтобой.
0
Marni
2021-08-30 18:27:24
Omyke, туура айтасыз, Өмүке.
0
Taalaibek.
2021-08-30 21:47:46
Кокусунан деп коргоп жаткандарын кара.Тапанчаны алып чыккан кокустук эмес. Тапанчанын курогун баскан кокустук эмес. Анын устунон мелдеп аткан кокустук эмес. Кокустук деген мелдей албай атып алган кокустук. Кокустук деген тапанчаны чыгара албай атып алган кокустук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан