АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Нафтали Бенет менен өткөргөн маалымат жыйынында уктап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Байден менен Бенеттин ортосундагы сүйлөшүүлөр АКШда жүрүп жатат.
Маалымат жыйында Израилдин өкмөтүнүн башчысы америка жана израиль элинин ортосундагы достуктун жаңы этабы жөнүндө айтып берип жаткан. Бул учурда АКШнын лидери көзүн жумуп, маңдайында кыймылсыз отурду.