Биз социалдык тармакта

Ырчы Анжелика сөөктөрү кыйшык өскөн 12 жашар Элханга жолукту

SUPER.KG порталынын 12 жаштагы Элхан Кубатбеков аттуу каарманы менен ырчы Анжелика жолукту. Ал өзүнүн жардамын берип, башкаларды дагы кайрымдуулук кылууга чакырып өттү.

"Элхан апасы менен сулуулук салонго келип кетишти. Ошол учурда мен салондо болчумун, өзүмдүн жардамымды көрсөттүм", - дейт ал.

Мындай кайрылуулар көп болот деген ырчы 10-сентябрда Гүлшат аттуу кызды арзандатуу менен дарылатууга алып барарын кошумчалады.

Буга чейин кифосколиоз же омуртка тутумунун ийилип, кыйшык өсүүсү деген диагноз коюлган Элхан тууралуу видеорепортаж даярдаганбыз. Төрөлгөндөн тартып анын сөөктөрү кыйшык өсүп, соңку жылдары абалы тездик менен оорлошуп баратат. Элхандын мындан кийинки жашоосун башка балдардай болуп ойноп-күлүп өсүүсүнө бир жол бар, ал Түркия өлкөсүндө жасалуучу операция.

Бирок мындай оор жана 3 этаптан турган операцияга 55 000 доллар керектелет.

Элханга жардам берүүнү кааалагандар үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 4279380683488847 - Азиз Адиллаев;
Элсом: 0703932874 - Айзат Бакиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Pankration_MMA
2021-08-29 20:14:50
Только пиар менен жашап калыптырда бул обу жок катын!!!
-9
Aimani
2021-08-30 01:06:27
Pankration_MMA,пиар кылса да колунан келген жардамын берип атат.сага окшогон эркектерге караганда
+13
ayzhan12
2021-08-30 12:25:33
Aimani,
Анжелика азамат. Анча мынчы эркектерге караганда мыкты иштерди жасайт. Дайыма ден соолукта бол, ишине ийгилик, осуп, онуго бер. Ар дайыма элдин мыктысы болуп, эркин ой жугуртуп, сабатсыздардын пикирине конул бурбай эле кой.
+2
Asmat84
2021-08-29 22:19:16
Ушул наристенин көз жашын агызбай жардам береличи жапа тырмак. Көрүп алып көз жашым токтобой ыйладым
+16
Antiradikal3
2021-08-30 09:16:46
Жардам берсенер реклама кылбагыла... Реклама кылып озунун атын чыгаруу максатында жардам бергиче бербегенинер он.......
-6
Mister-XXX
2021-08-30 10:22:29
Antiradikal3,Элдин баары сенин пикириң менен жашашы керекби?Кайрымдуулукту ачык да,жашыруун да берсе боло берет.Ачык айтылган садага башкаларга үлгү болот.Жашыруун берген садаганын сообу көп болот.
+1
Ergeshev.77
2021-08-30 10:31:09
Antiradikal3,сен тим эле унчукпай жардам берип жургондордонсунбу кыйраткандай жазыпсын го ээ
-2
Antiradikal3
2021-08-30 10:52:35
Ergeshev.77, мен кыйратамбы жокпу сенин ишин болбосун! Мен озумду реклама кылбай элемин......
0
Amai
2021-08-30 13:54:30
АНЖЕЛИКА СИЗДЕН АЛЛА РАЗЫ БОЛСУН ЖАМАНДАГАН МАНКУРТАРГА АЛЛАХЫМ ОЗ ЖАЗАСЫН БЕРСИН ПИЯР КЫЛАБЫ КЫЛБАЙБЫ СОП ЖОЛУНДА ЖАРДАМ БЕРИП ЖАТАТ СИЛЕРГЕ ОКШОП ОТУРУП УШАКТАГАН ЖОК.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан