Ооганстандын борбору Кабул шаарында жасалган АКШнын ракеталык соккусу 6 адамдын өмүрүн кыйды. Алардын төртөө жаш балдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон 6 адамдан тышкары дагы 4 киши оор жаракат алган.
Белгилей кетсек, Кабул аэропортунан анча алыс эмес жерге абадан ракеталык сокку урулганы кабарланган. Аба чабуулунан эки унаа жана адамдар жашаган турак үйдүн бир бөлүгү толугу менен кыйраган. Көп өтпөй аталган ракеталык чабуул Америка аскерлери тарабынан ишке ашырылганы аныкталган.
Андан соң АКШнын куралдуу күчтөрү Кабулда ракеталык чабуул жасаганын тастыктап, себебин түшүндүргөн.
"АКШ аскерлери бүгүн коргонуу максатында Кабулдагы унаалардын бирине учкучсуз ракеталык сокку жасап, Вилаят Хорасан (Ислам мамлекети террордук тобунун бир бөлүгү) тарабынан ишке ашуу алдында турган Хамид Карзай эл аралык аэропортуна болгон коркунучту жок кылды", - деп билдиришкен алар.
Ошондой эле "сокку багытталган унаада орун алган катуу жарылуу, анын ичинде олуттуу өлчөмдө жардыргыч заттар болгонун ырастап турат", - деп белгилешкен.
Эске салсак, буга чейин дагы Кабул аба майданында бир күндө эки жардыруу орун алып, 200гө жакын адамдын өмүрүн алган эле.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.