"Талибан" кыймылы Ооганстандын Кандагар провинциясында телекөрсөтүүлөр менен радиоберүүлөрдө музыка жана аялдардын үнүнө тыюу салды. Бул тууралуу аталган аймактын маданият жана маалымат департаментине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган департамент талибдердин аялдарга кадимкидей билим алууга жана иштөөгө уруксат берүү убадасына карабай, ооган айымдары күнүмдүк турмушта көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын билдирген.
Буга чейин "Талибан" кыймылы тийиштүү эрежелер иштелип чыккандан кийин мамлекеттик кызматтагы айымдар өз милдеттерин мурдагыдай улантышарын белгилеген. Ошондой эле жума куну медицина тармагындагы аял кызматкерлерди да жумушка кайтууга чакырган.
Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жарандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.