Садыр Жапаровдун Таластагы иш сапары. Өлкө башчы Манастын күмбөзүнө барып, спектакль көрдү

29-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Талас облусундагы "Манас Ордо" улуттук комплексинде "Урааным Манас!" театрлаштырылган спектакли коюлду. Ага Садыр Жапаров катышканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый эпизоддорун, айкөл Манас, Алымбек Датка, Шабдан баатыр, Курманжан Датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырларды жана көрүнүктүү инсандарды чагылдырган чоң театрлаштырылган спектаклин көрдү.
Өз сөзүндө мамлекет башчы Манас эпосунда камтылган кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын маанисин белгиледи.
Ал кыргыз элинин эгемендүүлүк тууралуу кыялдары жер соорусу атыккан Талас жергеси жана Манастын ыйык руху менен байланыштуу экенин кошумчалады.
Иш-чара ата мекендик эстрада өкүлдөрүнүн гала-концерти менен жыйынтыкталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Antiradikal3
2021-08-30 09:15:07
Кубо болду деп жазганынар туура эмес... Эгер ошол жерде эл мушташа кетсе анда мушташка кубо болду десенер туура болмок...

Спектакль Жапаров келет деп атайы уюшулуп коюлуп жатса, "спекталь корду" эле болот.
0
KaGaH
2021-08-30 09:47:47
Antiradikal3 .койчу ай тим эле сынчы болуп кетесиңер да
0
aslan_akjol89
2021-08-30 09:35:16
Спектакль коруп журо бергиле,койгойлор чечилген бут баары.
0
Барс
2021-08-30 10:04:44
aslan_akjol89, бардык көйгөйдүн чечилишин сенин моюнуңа илип салышып э? :)
-1
aslan_akjol89
2021-08-30 20:42:40
Барс,ооба бокту жепсин)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан