Ооганстандын жогорку окуу жайларында мындан ары кыздар менен балдар өз-өзүнчө окушат. Бул тууралуу "Талибан" кыймылы тарабынан дайындалган өлкөнүн билим берүү минстринин милдетин аткаруучу Абдулу Баки Хаккани билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстанда бардык кыздар билим алууга укуктуу. Бирок алар балдар менен чогуу окуй алышпайт. "Талибан" кыймылы мындай кадам менен кыздарга коопсуз билим алуу чөйрөсүн түзүп берүүнү көздөп жатканы айтылды.
Ошондой эле Хаккани Ооганстанда жакынкы күндөрү жогорку окуу жайлары ачыларын, ал эми андагы окутуучулар менен кызматкерлерге министрлик кадимкидей айлык төлөп берерин билдирген.
Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жарандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.