Талас облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда, тагыраагы Талас районунда Хонда ФИТ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1971-жылы туулган Б.Г. аттуу аял жана 1968-жылы туулган Б.С., ошондой эле 1978-жылы туулган А.М. аттуу эркек киши) ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Жерине Талас райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жаракат алган жарандардын абалдары туруктуу.