Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси "ПСЖ" менен биринчи беттешин өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чабуулчунун дебютук оюну Франция чемпиондугунун төртүнчү турунда "Реймске" каршы болду.
Аргентиналык оюнчу 66-мүнөттө талаага чыгып, Неймар менен алмашкан. Месси бардык убакыттын ичинде 20 ирет пас берген. Бирок гол киргизе алган эмес. Франция Лигасынын 1-сезону 2021/2022-жылдын төртүнчү турунун матчында "Реймс" клубу "ПСЖга" 0:2 эсебинде утулду.
Эскерте кетсек, Месси "Париж Сен-Жермен" клубуна 10-августта кошулган.