Өзбекстандын президенти Эгемендүүлүк күнүнө карата абактагы 215 адамга ырайым кылды

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоев өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын утурлай абактагы 215 адамга ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ырайым алуучулардын ичинен 3 адам өтөп жаткан жазасынан толугу менен бошотулат. 127 киши белгиленген талаптар менен абактан чыгарылса, 12 соттолуучунун жазасы жеңилдетилет. Ал эми 73 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат. Жалпысынан 142 адам толугу менен эркиндикке чыккан.

Ошондой эле өлкө башчыдан кечирим алгандардын 14ү аял киши, 12си 60 жаштан жогоркулар, 69 адам чет өлкөнүн жарандары жана 15 соттолуучу тыюу салынган уюмдардын ишине аралашкандар экендиги кабарланды.

Эске салсак, Өзбекстандын өлкө башчысы Шавхат Мирзийоев өткөн жылы Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына карата жаза өтөө жайларындагы 113 адамга ырайым кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан