Белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков ушул жылдын 7-июнунда оорудан улам көз жумган. Разыковдун шакирттеринин бири куудул Гүлжайна Атаканова SUPER.KG порталына маек берип жатып, устаты керез калтырып кеткендигин билдирди.
"Устатымдын көз жумганы кыргыз маданияты үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн оор болду. Ошол учурда мен ай-күнүмө жетип отурган убагым эле, учак менен учуп барайын десем дарыгерлер уруксат бербей коюшту. Унаа менен жолго чыгуудан корктум, кийин бул жакта балдары куран окутканда бардым. Көпкө чейин ыйлап, жаман болуп жүрдүм, азыр күн сайын куран окуп турам.
Устатым мага "Беш абышка - беш кемпирди сен гана алып кете аласың, сага ишенем, сенин колуңдан келет" дечү эле, ушул сөзү мага керез болуп калды. Буюрса, кызымды чоңойтуп алып, ушул долбоорду улантып, устатымдын аманатын аткарам. Аны менен катар эле шакирт дагы тарбияласам деген жакшы пландарым бар", - дейт Атаканова.