“Forbes” журналы “Wildberries” компаниясынын башчысы Татьяна Бакальчуктун үй-бүлөсүн Орусиядагы эң бай үй-бүлө деп атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, “Forbes” журналы Орусиядагы эң бай үй-бүлөлөрдүн рейтингин жарыялаган. Жалпысынан тизмеге он үй-бүлө кирген, алардын жалпы байлыгы 16 миллиард 1 миллион доллардан 42 миллиард 9 миллион долларга чейин жеткен.
Рейтингдин сап башында Татьяна Бакальчуктун үй-бүлөсү турган. Бирок үй-бүлө катары каралганы менен формалдуу түрдө кирешенин 100 пайызы аялга таандык болгон. 2019-жылдын 31-декабрында гана компаниянын башчысы бир пайызын жолдошу Владиславга өткөрүп берген, анын аркасы менен алар рейтингге киришкен. Үй-бүлөнүн жалпы байлыгы 13 миллиард доллардан ашат.
Ал эми экинчи орунда жер семирткичтерди чыгаруучу “Phosagro” директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Андрей Гурьевдин үй-бүлөсү турган. Алардын жалпы байлыгы 6 миллиард 9 миллион долларды түзөт.
Үчүнчү орунду былтыркы рейтингде биринчи орунга чыккан Аркадий Ротенбергдин үй-бүлөсү ээлеген. Бир жыл ичинде анын байлыгы 500 миллион долларга көбөйүп, 5 миллиард 95 миллион долларга чейин жеткен.
Белгилей кетсек, тизмеге Гуцериев, Евтушенков, Шаймиев, Рахимкулов, Бажаев, Линников жана Саркисовдун үй-бүлөсү кирген.