Президенттин Кубогу "Соң-Көл" - "Ат-Башы": 2-бөлүктүн жыйынтыгында "Соң-Көл" алдыда келүүдө

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин Кубогу алкагында 3-4-орундар үчүн беттештер өтүүдө. Оюндардын алкагында Нарын облусунун эки командасы, тактап айтканда "Соң-Көл" жана "Ат-Башы" командалары Биринчи Лиганын 3-оруну үчүн ат салышууда.

Аталган беттештин алгачкы бөлүгүндө командалар тарабынан эч кандай салымдар ташталбай, 0-0 эсебинде жыйынтыкталды.

Ал эми экинчи бөлүктө оюндун кызуулугу артып, "Соң-Көл" командасынын оюнчусу алгачкылардан болуп эсепти ачууга жетишти.

Ошону менен азырынча оюн 1-0 эсебинде "Соң-Көл" командасы алдыда келүүдө.

Эске салсак, "Соң-Көл" командасы жарым финалда Ысык-Көлдүн "Мурас" командасына жеңилип калган. Ал эми "Ат-Башы" командасы Бишкектен келген "Көк-Жал" командасына утулуп, финалга чыга алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-08-30 11:37:55
Азаматтар, давай давай добивейте!))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан